АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:10, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атмосферанын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, температурасын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмосферанын турбуленттүүлүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмосферанын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги Аэрологиялык приборлор ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорологиялык лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмосферанын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын температурасын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорологиялык ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атмосфераны изилдөө үчүн метеорологиялык спутниктер пайдаланылат.