АЭРОЗОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү Аэрозолдор ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы химиялык заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн ж. б.; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын Аэрозолдору калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал айыл чарбада, медицинада, ветеринарияда ж. б. колдонулат.