АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Ленин атындагы чокунун түндүк-чыгыш тарабынан орун алган. Узундугу 5,5 км, аянты 5,8 км2. Абляциясынын аянты 3,5 км2, көлөмү 0,2 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4880 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусу чокунун түндүк-чыгышындагы тармагынын Ленин мөӊгүсүн караган батыш бетинде жатат. Жакынкы мезгилде эле Ленин мөӊгүсүнүн бир айрыгы болгон. Чегинүүнүн натыйжасында өзүнчө бөлүнгөн. Алардын этек мореналары бир тилкеде жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Кызыл-Суунун сол куймасы ‒ Ачык-Таш суусуна куят.