АЧА-КАЙЫҢДЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:15, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧА-КАЙЫҢДЫ, О й т е р с к е н ‒ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл аймагынын борбору. Ат-Башы суусунун куймасы, Ача-Кайыӊды суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 3 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 230 км. 1932-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 2094 м бийиктикте. Калкы 5 299(2022); негизинен мал чарбасында жана тоют камдоодо эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, байланыш бөлүмү бар.