АЧ ТАЛАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧ ТАЛАА, Т ү ш т ү к А ч т а л а а ‒ Орто Азиядагы түздүк, Сыр-Дарыянын Фергана өрөөнүнөн чыга бериштеги сол жээк тарабы. Түштүгүнөн Түркстан кырка тоосунун этектери менен чектешет; түндүгү менен түндүк-батышында Кызыл-Кум чөлүнө кошулат. Аянты 10 миӊ км2дей. Бийиктиги 385 мге чейин. Негизинен лёсс сымал кумай жана кумдуу топурактан турат. Жеринин көп бөлүгү сугарылат (Түндүк каналы, Борбордук, Түштүк Ач талаа каналдары ж. б.).