АЦИДОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦИДОЗ (лат. acidus ‒ кычкыл) ‒ денедеги органикалык кислоталардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында кислота жегич теӊ салмактуулугунун бузулушу. Ал денеде, кан менен ткандарда кислота аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн болот. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөктө, кош бойлуу учурда, ачка болгондо ж. б. кислоталар денеден жакшы бөлүнүп чыкпай, анда топтолуп, жеӊил түрүндө ‒ ацетоуксус кислотасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети ) комага алып келет. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.