АТЧАН АСКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЧАН АСКЕР‒ аскерлер курамынын бир түрү. Алар атчан жүргөндүктөн, согуш аракеттеринде ар кандай жерлерде өз алдынча чабуул коюуда, коргонууда көп артыкчылык кылган. Атчан аскер жөнүндө маалымат биринчи жолу б. з. ч. 9-кылымда Ассирия армиясы тууралуу булакта учурайт. Атчан аскердин согушуудагы башкы ыгы ‒ колдо бар бардык куралдарды (найза, жаа, кылыч ж. б.) пайдаланып, ыкчам чабуул коюу. Байыркы грек мамлекеттери (Спарта, Афины) жылкыга бай болгондуктан, Түндүк Грекияда, Фивада эӊ көп Атчан аскер түзүлүп, б. з. ч. 4-кылымдын 1-жарымында фивалык кол башчы Эпаминод алгачкы жолу Атчан аскер менен жөө аскерлердин биригип аракеттенүүсүнүн натыйжасында душманын кыйраткан. Б. з. ч. 4-кылымдын 2-жарымында Александр Македонскийдин армиясында Атчан аскер негизги сокку уруучу күчкө айланган. Ал эми Атчан аскерди согуштук аракеттерде пайдалануу чеберчилиги жагынан көчмөн элдер европалыктарга караганда алда канча алдыда тургандыгы белгилүү. Себеби көчмөндөрдүн күнүмдүк турмуш-тиричилиги, бүткүл жашоосу жылкы менен тереӊ байланышта өткөндүгү белгилүү. Байыркы түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын чарбалык, согуштук турмушундагы жылкынын ээлеген орду, алардын рухий жашоо турпатына да таасирин тийгизген. «Ат адамдын канаты», «Аты жоктун буту жок», «Атыӊ барда жер тааны, атаӊ барда эл тааны», «Атты баксаӊ ар жерде, жоого бербес тар жерде», «Аттан айрылганы, канатынын кайрылганы» ж. б. у. с. макал-лакаптар кыргыздардын турмушундагы жылкынын маанисин жана ролун даана чагылдырат. «Манаста» жана кыргыздын башка улуу эпосторунда жоокер менен анын атынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар өтө кеӊири сүрөттөлөт. Енисейдин Сулек деген жериндеги, Кочкордогу Көк-Сай, Бөйрөк-Булактан ж. б. жерлерден табылган байыркы түрк калктарынан калган археологиялык эстеликтерде атчан жоокер келбети тартылган сүрөттөр көп кездешет. Орто кылымдарда жоокерди аты менен бирге коюу салты ‒ көчмөн элдерге мүнөздүү, кеӊири тараган көрүнүш болуп саналат. Көчмөндөрдүн согуштук күч-кубаттуулугу негизинен Атчан аскерден турган жана аларды пайдалануунун атайын ыкмаларын жогорку деӊгээлде өздөштүрүшкөн. Кыргыздардын согуштук өнөрүндө пайдаланылган ‒ ат коюу ыкмасы душманга чабуул коюунун мыкты ыкмасы катары кеӊири белгилүү болгон. 6‒8-кылымдарда Түрк кагандыгынын, 7‒10-кылымдарда арабдардын, 13‒14-кылымдардагы Чыӊгыз хан башында турган монголдордун аскерлеринин эбегейсиз зор аймактарды каратып алуусунун бирден-бир себеби ‒ алардын мыкты уюшулган, тез аракеттенген, шамдагай, чыдамкай Атчан аскерге ээ болгондугу менен байланыштуу. Көчмөндөрдүн Атчан аскерлери кыска мөөнөттө жүздөгөн чакырым аралыктарды чаалыкпастан өтүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Орто кылымдарда Батыш Европа өлкөлөрүндө да рыцардык Атчан аскерлер башкы согуш күчүнө айланган. Жаӊы мезгилде Европа өлкөлөрүндө дары менен атылчу куралдардын, транспорт каражаттарынын түрлөрүнүн көбөйүшүнөн улам, Атчан аскердин мааниси төмөндөгөн. Кийинки мезгилдерде Россиядагы, Кыргызстандагы граждандык, ошондой эле 1- жана 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө да Атчан аскер кеӊири пайдаланылган, к. Атчандар армиясы.

                                                                                                                     А. Орозов.