АТЛАНТ
Jump to navigation
Jump to search
АТЛАНТ‒ 1) байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп; Ал титандардын кудайларга каршы күрөшүнө катышканы үчүн Зевстин буйругу боюнча ушул жазага тартылган; 2) имараттарды, порталдарды жасалгалоодо архитектуралык дубалга же колоннага кошо тургузулган эркектин статуясы.
Атлант балкондордун жана эркерлердин тирөөчтөрү катары орнотулат. Мындай скульптуралык ыкма Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5‒4-кылым) пайда болуп, 17‒20-кылымдардын архитектурасында кеӊири орун алган (Франция, Тулондогу ратушанын Атланты 1955‒57-жылдар, скульптору ‒ П. Пюже; Санкт-Петербург дагы Жаӊы Эрмитаждын портигинин Атланты 1844‒49-жылдар, скульптору ‒ анын ичинде Теребенев).