АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ‒ автоматтык жөндөө жана башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын механикалык которууну (же бурууну) түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги боюнча гидравликалык, пневматикалык, электрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткычтан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү жана ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10‒1000 Втка жетет. Пневматикалык Ат. м. 6 кг/см2 , гидравликалы гы ‒ 30 кг/см2 ка чейинки басым менен иштейт.