АТЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:39, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЕЙ (туулган жылы белгисиз ‒ б. з. ч. 339-жыл) ‒ Скиф падышалыгынын падышасы. Страбондун маалыматтары боюнча Атей Дондон Дунайга чейинки аймактардагы варвар урууларын өзүнүн жеке бийлиги астында бириктирген. Боспор падышалыгы менен күрөш жүргүзгөн, Балкан жарым аралындагы фракиялыктардын жарымын баш ийдирген. Өзүнүн тыйынын чектирген. Атей башкарган жылдарда сарматтардын Меотидага (Азов дарыясы) жер которуусу башталган. Филипп II Македонскийдин аскерлеринен жеӊилип, уламыш боюнча 90 жаш курагында курман болгон.