АТАТҮРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:19, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАТҮРК Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери. Ататүрк («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.

АТАТҮРК23.png

1-дүйнөлүк согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине жана паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье дарыясынын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлери англиялык-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). Ататүрк Түрк республикасынын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги менен 1922-жылы султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кагып, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет менен идеологияны жогору коюп, өнөр жай менен айыл чарбасын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер менен теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек шаарындагы саябакка Ататүрк ысмы берилип, эстелиги тургузулган.

А. Беделбаев.