АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:28, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ, К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 1860‒1900 м. Узундугу 6 км, туурасы 20‒150 м. Капталдары бийик (200‒400 м), кууш жана тик (50‒60°). Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен неогендин конгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.