АСЫМБЕКОВА Гүлнара Үмөтовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:22, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫМБЕКОВА Гүлнара Үмөтовна (1960-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) ‒ гинеколог, медицина илимдеринин доктору (1997). КММИни (1982), РМИАнын акушерлик, гинекология жана перинатология илимий борборунун докторантурасын (1996, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИунда илимий кызматкер, перинатология бөлүмүнүн башчысы, 1997-жылдан КРСУда профессор. 2003-жылы уюштурулган "Профессор Асымбекованын клиникасынын" директору. 2010-11-жылдары КР Жогорку Кенешинин депутаты. Илимий иштери акушерлик, гинекология жана перинатологияга арналган. Бардыгы 77 илимий эмгектери, анын ичинде 4 окуу куралдары жарык көргөн.

Эмг.: Гипертензивные нарушения во время беременности . Б., 2001. (в соавт.). Акушерские кровотечения (в соавт.). Б., 2001.