АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:10, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ, HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, молекулалык масса 133,1; балкып эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, органикалык эриткичтерде эрибейт. Аспарагин кислотасы организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин кислоталар менен бирге тамак-ашта колдонулат.