АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТИКУЛЯЦИЯ – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо менен өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.