АРМЯН ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
АРМЯН ТИЛИ – Армениянын расмий тили. Индиевропа тилдер тобуна кирет. Алфавити 5-кылымдын башында түзүлгөн. Армян адабий тилинин тарыхы байыркы (5–11-кылым), орто (11–17-кылым), жаңы (17-кылымдан баштап) деп үч мезгилге бөлүнөт. Жаңы армян адабий тилинин чыгыш жана батыш варианты бар, алардын ар бири көптөгөн диалектилерди камтыйт.
Ад.: Гарибян А. С. Краткий курс армянского языка. 3 изд., Ep., 1960.