АРКОЗДОР
Jump to navigation
Jump to search
АРКОЗДОР, аркоз кумдуктарынегизинен гранит, гнейс ж. б-дын талкалануусунан пайда болгон катуу тоотектер. Аркоздор талаа шпаттары, кварц, кээде слюда ж. б. минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өңү кызгылт, Кызыл же агыш, одуракай бүртүкчөлүү, сырткы көрүнүшү гранитке окшошураак. Түштүк Кыргызстанда, айрыкча бор мезгилинде пайда болгон тоотектердин арасында көп учурайт.