АРКБУТАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:17, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКБУТАН (фр. arc-boutant – таканчык арка) – таштан жасалып, своддун конструкциясын жөлөп турган жарым арка формасындагы конструкция.

АРКБУТАН 4.png


Булар көбүнчө готикалык храмдардын түзүлүшүндө колдонулуп, своддун оордугунан түшкөн басымды контрфорсторго өзү аркылуу өткөрөт. Орто кылымдагы архитекторлор аркбутан менен контрфорсторду бирдиктүү колдонуу аркылуу имараттын ички көлөмүн кеңейтүүгө, анын аянтын чоңойтууга жанa ички түркүктөргө түшкөн басымды азайтууга жетишкен.