АРКАР-КУЛЖА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Кулжа.

АРКАР-КУЛЖА (Ovis ammon) – көндөй мүйүздүүлөр тукумунун аркарлар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 110-120 см, бийиктиги 65-125 см, салмагы 100-200 кг. Бийик тоолуу дың жана чөлдүү талааларда кездешет. Ургаачысы – аркар, эркеги кулжа деп аталат. Анын популяциялары түрдүү экологиялык шартта жашагандыктан, алардын түсү да ар түрдүү. Бул түргө кирүүчү популяциялар, бири биринен сырткы көрүнүшү менен айырмаланып турат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 10дон ашык түрчөлөрү кездешет. Булар бири биринен сырткы көрүнүштөрү, чоңдугу, мүйүзүнүн түзүлүштөрү жанa түсүнө карата айырмаланышат. Памир Аркар-к-улжасынын мүйүзү чоң, учтуу, ичин көздөй ийрилип турат. Түсү кара боз, күрөң. Памир, Алтай тоолорунун чыгыш жагында, Теңир-Тоонун Арпа, Ак-Сай сырттарын мекендейт. Теңир-Тоодо жашагандарынын тулку бою чың, чоң, түсү, мүйүзүнүн түзүлүшү боюнча башка түрчөлөрдөн айырмаланып турат, эркегинин бийиктиги 110-115 смге чейин, ээгинде сакалы жок, түсү бозураак. Теңир-Тоо кыркаларын мекендейт. Жазында 1-2 козу тууйт. Эти, териси баалуу. Окумуштуулар аны кой менен аргындаштырып, уяң жүндүү меринос породасын алган.Бул түр Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.