АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:02, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич (24. 11. 1918-жыл, Ставрополь шаары – 28. 1. 1989-жыл, Днепропетровск шаары) – театр сүрөтчүсү, Кыргыз ССР (1962) жана СССР (1967) эл сүрөтчүсү. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында сүрөтчү (1947), башкы сүрөтчү (1949–1971) болуп эмгектенген. А. Арефьев «Манас», «Айчүрөк», «Кыз Жибек», «Оптимисттик трагедия», «Жамийла», «Аида», «Чолпон», «Уйкудагы сулуу» жана башка 79 опера жана балет спектаклин жасалгалаган. Республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык масштабда (Вена, Париж, Лондон, Бразилия) өткөрүлгөн сүрөт көргөзмөсүнүн бир нече жолку катышуучусу. Ал Ленинград академиялык опера жана балет театрында коюлган «Тынч Дон» операсынын, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган «Белгисиз жоокер» жана башка опералардын жасалгалары үчүн биринчи даражадагы диплом алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
Ад.: Джусупова О.Н.,А. В Арефьев. Ф., 1958.

А. Холминовдун «Оптимисттик тра­гедия» операсына декорациялык эс­киз. 1963.
АРЕФЬЕВ 59.png