АРБИТРАЖДЫК СОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:42, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБИТРАЖДЫК СОТ – ишкана, уюм жана фирмалар ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды териштирип чечим чыгара турган официалдуу мамлекеттик орган. Арбитраждык сот келишим мамилелерине байланыштуу чыккан негизги талаш-тартыштарды жана анда көрсөтүлгөн милдеттердин тараптар тарабынан так аткарылышын карайт. Арбитраждык сот караган иштеринин объектиси болуп, ошондой эле, тышкы соода ж. б. эл аралык экономикалык байланыштар саналат.