АРАНХУЭС
Jump to navigation
Jump to search
АРАНХУЭС (Aranjuez) – Испаниядагы шаар. Мадридден 47 км түштүктө, Тахо дарыясынын жээгинде жайгашкан.
Калкы 55,1 миң (2010). Байыркы Рим мезгилинен белгилүү. 1387–1409-жылдары Сантьяго орденинин Улуу магистринин резиденциясы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим императорлорунун мрамор бюсттарынын бай коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар (1765–80) бар. Аранхуэстин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы иштейт.