АРАЛАШ ЭГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:05, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЭГҮҮ – бир эле аянтка өсүмдүктүн эки же андан көп түрүн өстүрүү. Эгилүүчү өсүмдүктөр жана аларды өстүрүү ыгы туура тандалса, жөнөкөй эккенге караганда түшүм арбын алы­нат. Мындай эгүү көп жылдык жана бир жыл­дык өсүмдүктөрдө көп колдонулат, мисалы, бедени жүгөрү, сулу, арпа менен же бир жылдык өсүмдүктөрдү, мисалы, кара буудайды, жер буурчак, буурчак менен, арпаны жер буурчак, буурчак менен эгүү. Бул өсүмдүктөрдү эгүү мөөнөтү алар­дын өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү.