АРАЛ кыштагы, Тогуз-Торо району

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда­гы кыштак. Атай айыл округуна караштуу.

Колбор суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1359 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 18 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 428 км. Калкы 2379 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.