АРАЛ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:40, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ ДЕҢИЗИ, А р а л Кара-Калпак Республикасы менен Казакстандын аймагында жайгаш­кан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 10–15 м, эң терең жери 54,5 м. Түндүк жээги тик, ба­тыш жээги жардуу, түштүк жана чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу ж. б. аралдары бар. Көлгө мурда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя куйган. Суунун бетиндеги температуpa жайында 26–30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9%о. 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан, деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сыр-Дарыя, ай­рым жылдары Аму-Дарыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социалдык-экономикалык структура өзгөрдү. Арал деңизинин аймагы «экологиялык алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө, к. Арал апааты.

К. Молдошев.