АРАКС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКС – Закавказье менен Түркиядагы (башталышы) дарыя, Куранын оң куймасы. Узундуг 1072 км, алабынын аянты 102 миң км2. Башталышында кууш терең өрөөн аркылуу агат, ортоңку агымында (Арарат түздүгү) өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Төмөнкү агымы Кура Аракс түздүгү аркылуу өтөт. Орточо чыгымы төмөнкү агымында 285 м3/сек. Аракс жылына 16 млн т агынды алып келет. Aракста СССР менен Иран курган гидротехникалык комплекс иштейт.