АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:13, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ– Арабдардын жеңип алууларындагы уруулар көтөрүлүшүн (632–633) басып, халифат түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы жана Орто Чыгышты, Түндүк Африканы жана Түштүк Батыш Европаны багындыруу менен аяктаган. Арабдардын жеңип алуулары ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн жана анын 1-этабы 7-кылымдын 30–50-жылдарында халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644) жана Осмондун (644–656) учурунда болгон. Алардын башчылыгы менен араб аскерлери жортуул жасап, Аравия жарым аралынан Аму-Дарыясына чейинки жерлерди багындырган. Мисалы, 633–640-жылдары Палести­на жана Сирияны, 633–652-жылдары бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640–654-жылдары Армения менен Грузияны, 639–646-жылдары Түндүк Африканын көп жерлерин, 648-жылы Кипрди басып алышкан. Арабдардын жеңип алууларынын 2-этабы 7-кылымдын аягында башталган. Алар 709-жылга чейин бүткүл Түндүк Африканы ээлеп, андан ары Танжерге жана Атлантика океанынын жээктерине чейин барышат. 711-жылы Тарик жетектеген арабдардын жана берберлердин аскерле­ри Пиреней жарым аралына жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо ж. б. шаарларын басып алып, 718-жылы Пиреней жарым аралы толук арабдардын колуна өткөн. Алар 720-жылы Галлияны басып кирип, Септиманияны жана Нарбоннду баш ийдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын жана жортуулдарын франктардын атчан аскер­лери жана Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-жылы Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн менен Септиманияны ээлеп алгандан кийин Арабдардын жеңип алуулары биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706–712-жылдары Согд менен Хорезмди, 711–713-жылдары ирандык Мекран провинциясын баш ийдиришет. 8-кылымдын 1-жарымында Закавказьени, 9-кылымдын 1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-кылымдын 2-жарымынан Арабдардын жеңип алуулары негизи­нен токтойт. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында бир катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык жана рухий маданиятынын көп элементтери аларга баш ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тийгиз­ген. Ошону менен катар арабдар өзү басып алган элдердин маданиятынын көп жактарын сиңирип алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. Орто Азияда, Иранда, Закавказьеде жана Пиреней жарым аралында арабдардын үстөмдүгү ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.