АРА-БЕЛ–КУМ-ТӨР ОЙДУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:20, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРА-БЕЛ – КУМ-ТӨР ОЙДУҢУ – Ички Теңир-Тоонун түндүк-чыгышында. Тескей Ала-Too, Жетим-Бел, Ак-Шыйрак кырка тоолору менен курчалган. Деңиз деңгээлинен 3400–3800 м бийиктикте. Узундугу 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500–1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Ал байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон. Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланыштуу. Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан. Муздук чегингенде Ара-Бел, Кум-Төрдөй эң ири өрөөндөр жана меридиан боюнча созулган суу куймаларынын өрөөндөрү түзүлгөн. Рельефинде морена дөбөлөрү (бийиктиги 20–25 мгe чейин), саздуу оёңчолор жана тегиз жерлер кеңи­ри аянтты ээлейт. Ойдуңдун таманы кайнозойдун шиленди чөкмөлөрүнөн турат. Чет жакаларында кыргыз кызыл түстүү свитасынын чополору, кумдук, шагылдар кездешет. Алар төртүн­чүлүк мезгилдин мөңгү таштарынын шилендилери менен капталган. Ойдуң аркылуу батыштан чыгышка Ара-Бел суусу агат. Майда көлдөр бар. Климаты катаал. Кышы суук жана узак. Январдын орточо температурасы –19,5..–21,2°С, жайы кыска, июлдун орточо температурасы 2,3–4,3°С. Жылдык жаан-чачыны 311 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, ар кайсы жерде топ-топ болуп, жаздык же орок сымал жерге жабышып өсөт. Too капталдарына альп шалбаалуу талаа (каз таман, ыраң, тогуз төбөл, бетеге ж. б.), субнивалдык суук чөл, кар-мөңгү алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндүн чыгыш, Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк-батыш тарабында Кум-Төр алтын кени бар. Өрөөн аркылуу Барс­кон – Кум-Төр автомобиль жолу өтөт.