АНХЕЛЬ (Angel), Чурун-Мерун (Churun-Merun) – жер шарындагы эң бийик шаркыратма; Венесуэлада. Гвиана бөксө тоосунан башталган Чурун дарыясынын (Карони дарыясынын алабы) жогорку агымында. Бийиктиги 1054 м.
1935-ж. венесуэлалык учкуч Д. Анхель тапкан.