АНТИХРИСТ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИХРИСТ – христиан мифологиясы боюнча «акыр заман» болоор алдында келе турган Иисус Христостун душманы. Библияда («Иоанндын аянында»): Антихрист Кудай тарабынан адамдарды сыноо үчүн жиберилет жана анын келиши согуш, ачарчылык, эпидемия ж. б. сыяктуу чоң кыргындарды алып келет. Мунун баары Кудайга болгон ишенимдин жоголушу, дин үгүтчүлөрүн куугунтуктоо жана адеп-ахлаксыздыктын таралышы менен коштолот. Бирок анын бийлиги узакка созулбайт, кайрадан кайтып келген Иисус Христос жеңишке жетишет, - деп айтылат.