АНТЕКЛИЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:10, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТЕКЛИЗА (анти... жана гр. klisis – ийүү) платформадагы жер кыртышын түзүүчү катмарлардын кеңири аянтта узак убакыт бою жогору көтөрүлүүсүнөн пайда болгон капталдары бир аз эңкейиш тарткан тектоникалык структура. Анын пайда болушу бир нече геологиялык мезгилге чейин созулат. Көтөрүңкү жериндеги чөкмө тоо тек катмарларынын калыңдыгы жукарып, платформанын фундаменти жер бетине жакын жатат. Мисалы, Орус платформасындагы Волга – Урал, Воронеж, Белорус антеклизалары ж. б.