АНОДДУК ЭРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОДДУК ЭРҮҮ – эрүүчү продуктуларды пайда кылуу менен металлдын электрхимиялык окистениши. Аноддук эрүүнүн ылдамдыгы электрод потенциялына көз каранды жана анын мааниси металлдын түрдүү абалы үчүн бирдей болбойт. Активдүү металлдардын Аноддук эрүүсү потенциал оң багытка жылганда, электрхимиялык кинетика закондору боюнча жогорулайт. Анын электрхимиялык стадиясы электролиттин аниондорунун же эриткичтин молекулаларынын катышуусу менен жүрөт. Ошондуктан анын ылдамдыгы эритме компоненттеринин концентрациясына көз каранды. Аноддук эрүүнүн закон ченемдүүлүктөрүн жана механизмдерин изилдөө, металл коррозиясы жана аны болтурбоонун, металлды электрхимиялык иштетүүнүн проблемаларын чечүүдө чоң мааниге ээ.