АНЕВРИЗМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕВРИЗМА (гр. aneurysma – кеңейүү) – кан тамырдын, жүрөк булчуңунун миокард капталынын жукарып, кеңейүүсү. Ал жүрөк инфаркты, атеросклероз, аортанын сезгенүүсү, көтөн жара ж. б. оорулардан жана жараат алуудан пайда болот. Кан тамыр аневризмасы жайгашышына жараша артериялык, веналык жана артерия-веналык болуп бөлүнөт. Жүрөк толтосунун аневризмасы демейде атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Жүрөктүкү негизинен миокард инфарктынын кабылдоосу болуп, көбүнчө ал сол карынчанын капталында жайгашат. Анын белгиси жайгашышына, көлөмүнө ж. б. себептерге байланыштуу. Кээде ал бейтапка көпкө чейин билинбей өтөт. Көлөмү чоң аневризма тегерегинде жайгашкан органдарды, ткандарды кыса баштайт. Бул көп учурда жүрөктүн иштешинин бузулушуна алып келет.