АНДАЛУЗИТ
Jump to navigation
Jump to search
АНДАЛУЗИТ (Испаниядагы Андалузия провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Химиялык формуласы Al2Si205. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130–3160 кг/м3. Салыштырма салмагы 3,16–3,21. Өңү боз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. Андалузит метаморфизмделген сланецтер менен гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металлын да алууга болот.