АНГЛИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ--биринчи «а п и й и м» согушу (1840-42) – Англиянын Кытайды өзүнө көз каранды кылып алуу үчүн жүргүзгөн согушу. 19-кылымдын башында англичандар мыйзамсыз түрдө Индиядан Кытайга апийим ташып турушкан. Бул Кытайдын коопсуздугуна, экономикасына чоң коркунучту пайда кылган. Ага каршы 1839-жылы Кытайдын өкмөт комиссары Линь Цзе Сюй англичандардын Гуанчжоудогу кампаларындагы 20 миң ящик апийимин камакка алган. 1840-жылы Улуу Британиянын тышкы иштер министри Пальмерстон 16 аскер кемесинен турган эскадраны Гуанчжоуну курчоого алууга жөнөтүп, англичандар Кытайдын Шанхай, Динхай, Нинбо ж. б. шаарларын басып алган. «Биринчи апийим согушунда» кытайлыктар жеңилүүгө учурап, 1842-жылы тең укуксуз Нанкин келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Келишим боюнча Кытайдын Сямынь (Амой), Гуанчжоу (Кантон), Фучжоу (Фучоу), Нинбо (Нинпо) жана Шанхай чет өлкөлүктөргө соода жүргүзүү үчүн ачык деп жарыяланып, Сянган (Гонконг) Улуу Британияга берилген.