АНАФОРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:09, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАФОРА, (гр. anahora, сөзмө сөз – кайталоо) – бир эле элементтин кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык каражат. Тыбыштык анафора бир эле тыбыштын кайталануусу, строфалык (куплеттик) анафора болсо ар бир строфанын (куплеттин) башкы тыбышы же морфемасы, сөзү же сабы кайталанып түзүлөт. Анафора поэзияда гана эмес, прозада да, өзгөчө жорго сөздө арбын учурайт.