АНАФЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАФЕМА (гр. anathema – каргыш) – кудайдын атынан каргоо, эң жогорку жаза катарында чиркөөдөн чыгаруу. Халкиндондо бүткүл ааламдык собордо киргизилген. Ал ар түрдүү тармактагы чиркөөлөр тарабынан саясий максат үчүн диний террордук курал катары прогрессивдүү, демократтык кыймылдарга каршы колдонулган. Россиялык православиялык чиркөөдөн: И. И. Болотников, С. Т. Разин, Е. И. Пугачев, декабристтер ж. б. анафема алышкан. 1918-жылы патриарх Тихон Совет бийлигин анафемага берген. Азыркы мезгилде Ватикан саясий жана идеологиялык кысым көрсөтүш үчүн колдонот. Чиркөөдөн башка кыймыл менен байланышса динчилдер да чыгарылат.