АНА-КЫЗЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНА-КЫЗЫЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 17 км түндүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км. Деңиз деңгээлинен 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 401 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар жана кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.