АМПЕРОМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕРОМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ – сан анализинин электрхимиялык ыкмасы. Титрлөөнүн акыркы чекити индикатордук электродаун туруктуу потенциалында диффузиялык токтун титранттын көлөмүнө болгон көз карандылыгы боюнча аныкталат. Ченелүүчү диффузиялык токту пайда кылуучу электрохимиялык активдүү заттын милдетин, аныкталуучу ион, титрант же электрохимиялык ячейкага кошумча киргизилген индикатор аткарышы мүмкүн. Индикатор электроддун потенциалынын маанисин тандоо, аныкталуучу заттын жана титранттын вольтамперограммалары боюнча жүргүзүлөт. Титрант катары чөктүргүч, кычкылданткыч, калыбына келтиргич же комплексти пайда кылуучу заттардын белгилүү концентрациядагы эритмеси колдонулат. Уюлдануучу индикатор электрод катары тамчылап турган сымап электроду, ошондой эле көбүнчө платина, графит жана көмүртектүү айнектен жасалган катуу электроддор колдонулат. Ал органикалык жана органикалык эмес заттарды анализдөөдө чөкмөлөрдүн эригичтигин, комплекстик бирикмелердин туруктуулугун аныктоодо кеңири колдонулат.