АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 13 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ, (CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор жана азоту бар татаал минералдык жер семирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу менен алынат. Анда 14% фосфор, 2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш жана татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. техникалык өсүмдүктөрдөн мол түшүм алынарын көрсөттү.