АМЕРИКА-ЯПОНИЯ КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 30 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА-ЯПОНИЯ КЕЛИШИМДЕРИ. АКШ менен Япониянын ортосундагы алгачкы келишимге 1854-жылы Канагава шаарында кол коюлган. Келишим боюнча америкалык кемелер Хакодато жана Симода портторуна кирүүгө укук алып, 215 жылга созулган Япониянын «жабык эшик» саясаты аяктаган. Кийинки «Япония-америкалык соода келишими» (1858) боюнча АКШ анын аймагында эркин соода жүргүзүү укугун алган. Бул келишимдер Ансэй келишимдери деген ат менен белгилүү. «Жаңы Япония-Америка келишими» (1894) жана «Тафт-Кацура келишимдери» (1895) боюнча АКШ Кореяны Япониянын колониясы катары тааныган. «Рут-Такахира Япония-Америка келишими» (1908) боюнча эки мамлекет Тынч океан чөлкөмүндө статус-квону сактоого жана өз ара аймактык бүтүндүгүн урматтоого, Кытайда соода жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттенишкен. «Япония-Америка соода келишиминин» (1939) негизинде эки мамлекет өз ара экономикалык мамилелерин жөнгө салууга аракеттенген. 1940-жылдын башында Японияда Коноэ кабинети АКШ менен карым-катнашын жөнгө салуу үчүн жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттенген, бирок алар ийгиликсиз аяктап, 1941-жылы Япониянын Перл-Харборго чабуул жасоосу Япония-Америка согушуна алып келди. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка менен Япониянын ортосундагы Коопсуздук келишимине 1951-жылы 8-сентябрда Сан-Франциско шаарында кол коюлган. Келишим боюнча АКШ куралдуу күчтөрүн жана аскердик базаларын Япониянын аймагында кармап турууга укук алган. Достук, соода жана деңизде сүзүү жөнүндө келишим 1953-жылы 2-апрелде Токиодо түзүлгөн. Ал эки өлкөнүн жарандарына жана компанияларына «улуттук режимди» түзүп, америкалык капиталдын Япониянын экономикасына кириши үчүн шарт түзгөн. Өз ара коргонууну камсыз кылууда жардамдашуу жөнүндөгү келишимге 1953-жылы 8-мартта Токиодо кол коюлган. 1951–54-жылдардагы келишимдер Япониянын АКШга көз карандылыгын мурдагы бойдон калтырып, эки мамлекеттин ортосунда согуштук союз түзүлгөн. Өз ара жардамдашуу жана коопсуздук жөнүндөгү келишимге 1960-жылы 19-январда Вашингтондо кол коюлуп, 1960-жылы 23-июнда күчүнө кирген. Келишим боюнча АКШ куралдуу күчтөрү менен базаларын Японияда кармап туруу укугун узарткан.