АЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:32, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТ (нем. alt, итал. alto, лат. altus – бийик) – 1) тенор менен сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (12–14-кылымдарда) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон), к. Контратенор. 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, ошондой эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия, к. Контральто. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун узундугу 38–48 см. 16-кылымдын башында пайда болгон. Симфониялык оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (Альт, же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) ж. б. тобундагы альт түрлөрү кезигет.