АЛФАВИТТИК КӨРСӨТКҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛФАВИТТИК КӨРСӨТКҮЧ – алфавит тартибинде түзүлгөн көрсөткүч, башкача айтканда бир алфавиттик катарда жайгашкан аталыштарды, ысымдарды жана буюмдарды бириктирген бирдиктүү алфавиттик көмөкчү көрсөткүч (синонимдер: аралаш, биргелешкен). Айрым авторлор “бириктирилген көрсөткүч” терминин эки бир жактуу көрсөткүчтөрдүн жыйындысы катары чечмелешет, алардын бири ысымдык, экинчиси буюмдук көрсөткүчкө таандык. Бирдиктүү көрсөткүчтөр чет элдик практикада көп кездешет.