АЛУНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛУНИТ [французча alun, латынча alumen – (квасцы) ачык таш] – татаал сульфаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы КА1з[80.ф(0Н)б. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, кээде ага бозомук же саргыч жана кызгылт түстөр кошумчаланып турат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4, тыгыздыгы 2820 кг/мз. Салыштырма салмагы 2,58–2,75. Калийлүү талаа шпатынан турган жанар тоо тектерине күкүрт кычкылдуу гидротермдик эриндилеринин жана алюминий оксидине бай тоо тектерге жер бетиндеги сульфаттуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Алуниттүү тоо тектерден алюминий оксиди, калий туздары ж. б. алынат. Негизги компоненти алунит кенташы (рудасы).