АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН ЭРЕЖЕ статикада – жөнөкөй механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык ж. б.) жардамы менен жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мисалы, рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед алтын эрежени (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу жана бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.