АЛТЫН-ДАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:29, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН-ДАРА – Алай районундагы суу, Кызыл-Суунун сол куймасы. Узундугу 40 км, алабынын аянты 480 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3600 м, эң бийик жери Свердлов чокусу (бийиктиги 5451 м). Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орточо чыгымы 4,70 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Көк-Жар, Жаңы-Шаар ж. б. кыштактар жайгашкан.