АЛП ТЕГИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛП ТЕГИН (10. 2. 901, Афганистан, Балх – 13. 9. 963, ошол эле жерде) – Газневиддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Саманиддердин тушунда аскер башчылык милдетти аткарып, мамлекеттик иштерди башкарууга катышкан. Анын калк арасында кадыр-баркы жогорулап баратканына кооптонгон эмир Абд аль-Малик Алп Тегинди Хорасанга аким кылып жиберет. Буга нааразы болгон Алп Тегин 962-жылы саманиддердин аскерлерин талкалап, Газна шаарын ээлеп (азыркы Афганистан аймагы), Газневиддер мамлекетин негиздейт.