АЛИМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:08, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ (Anaemia alimentaris) ‒ малдын кан пайда кылуучу органдарында темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон ылаӊ. Аны менен көбүнчө жаш мал ылаӊдайт. Бул ылаӊ мал организминде темир жетишпегенде, айрыкча малды караӊгы, булганч, ысык короо-жайларда бакканда пайда болот. Ылаӊдаган төлдүн көзү киртийип, оозу кубарып, демигип, бат чарчайт. Дарылоодо темир, жез, кобальт бар заттар колдонулат. Ылаӊды алдын алуу үчүн белок, витамин, минерал заттары жана микроэлементтери мол тоют менен кошумча тоюттандырылып, короо-жай зоогигиена талабына ылайык болууга тийиш.