АЛИМБАЕВ Берик Каримович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМБАЕВ Берик Каримович (30. 12. 1936-жыл, Фрунзе шаары ‒ 20. 6. 2016-жыл, Бишкек шаары) ‒ бийчи, педагог, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1947‒1956-жылдары Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы окуу жайында окуган. 1956-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында бийчи, 1958-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында классикалык бий боюнча педагог, 1972-жылдан балетмейстер-репетитор болуп иштеген. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, советтик композиторлордун балеттеринде башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтаны» балетинде Вацлавдын, «Уйкудагы сулууда» Дезиренин, «Дон Кихотто»

АЛИМБАЕВ72.png

Базилиянын, «Баядеркада» жоокер Солордун, «Куйручукта» Куйручуктун, «Аселде» Ильястын, «Саманчы жолунда» Касымдын ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн чоӊ шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери менен «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. Бир нече медалдар менен сыйланган.