АЛЕКСЕЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСЕЕВКА ‒ Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Жайыл айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 5 км батыш тарапта. 1901-жылы отурукташкан. Калкы 5576 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, амбулатория, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.